Түп районунда жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу түзүлдү
18 апреля 2023
2023-жылдын 14-апрелинде Жарандык жана санариптик билим берүү борборунун базасында Ысык-Көл облусунун Түп районунун жергиликтүү кеңештеринин аял депутаттарынын демилгеси менен жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу болуп өттү.
Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубунун жыйынына Арал, Михайловка, Ак-Булуң, Сары-Булак, Ысык-Көл, Чоң-Таш айылдык кеңештеринен 15 депутат катышты.
БШК төрагасы Н.К. Шайлдабекова бул демилгени колдоп, Түп районундагы аялдардын жигердүүлүгүн белгиледи. Ысык-Көл облусунун Түп районунда жалпысынан 203 мандат бекитилсе, анын 81 мандаты (30%) аялдарга резервге калтырылган. 2021-жылы өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун натыйжасына ылайык, аялдар 86 мандат алышкан. 5 аял алган добуштарынын аркасында аялдардын 30% квотасынан тышкары депутат болушту. Учурда азыркы депутаттардын 115и – эркектер, 88и – аялдар.
Жергиликтүү кеңештердеги аял депутаттардын саны боюнча квотадан тышкары мандат алган аялдардын саны боюнча Түп району 2-орунда турат. Бул аялдардын лидерлигинин жана дараметинин өсүшүнүн, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өнүгүшүнүн, калктын ишениминин эң сонун көрсөткүчү болуп саналат.
Пилоттук режимде жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын алкагында Түп районунда 5 айыл аймагы түзүлдү. Районду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселелери жергиликтүү кеңештердин натыйжалу иштөөсүнө да жараша болот.
Аял депутаттар өз ыйгарым укуктарын толук ишке ашырып, шайлоочулардын ишенимин актай алышы үчүн билим алууну жана дараметти жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубунун иш-чараларынын алкагында БШК жана ЖББ Түп районунун аял депутаттарына ар кандай тренингдерди жана окутуу лекцияларын уюштурууга, алардын Түп районун өнүктүрүү боюнча демилгелерин жайылтууга көмөк көрсөтөт. Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу тажрыйба жана билим алмашуу үчүн коммуникациялык аянтча катары кызмат кылат.
Жолугушууда Түп районунун жергиликтүү кеңештеринин аял депутаттарынын клубунун катышуучулары 2 жылдык депутаттык ишиндеги жетишкендиктери менен бөлүштү. Мисалы, Ысык-Көл айыл аймагында бардык кварталдык комитеттердин төрагалыгына (он башы) аялдар шайланган, анткени жергиликтүү калктын жергиликтүү маселелерин чечүүдө ишеними аларга берилген. Келечекте алар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына потенциалдуу талапкерлер болушу мүмкүн.
Катышуучулар орун алган көйгөйлөр боюнча да пикир алышты. Тактап айтканда, жергиликтүү кеңештин депутаттары иштеген айрым мекеме, уюмдардын жетекчилери айрым учурларда алардын ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылып, жергиликтүү кеңештердин жыйналыштарына катышууга чыгарбай жатканы белгилүү болду.
Маалымат үчүн:
24-берене. Депутаттын ыйгарым укуктарынын бузулгустугу. Аларды жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо
Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана колдонуудагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын эч ким чектөөгө укуксуз.
Тийиштүү жергиликтүү кеңештер жана алардын органдары депутаттар өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылышат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандардын бирикмелеринин органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар, алардын кызмат адамдары депутаттардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Жолугушуунун жыйынтыгында Карасаев айыл аймагынын курамына кирген Арал айылдык кеңешинин депутаты Амасбаева Насипкүл Абдыкадыровна Түп районунун жергиликтүү кеңештеринин аял депутаттарынын клубунун төрагалыгына, Балбай айыл аймагынын курамына кирген Ак-Булуң айылдык кеңешинин депутаты Аманкулова Аида Мукамедиевна клубдун катчылыгына шайланды.
Түп районунун жергиликтүү кеңештеринин аял депутаттарынын клубунун катышуучулары ар айдын 15-күнүндө Жарандык жана санариптик билим берүү борборуна чогулуп, чечим кабыл алууну талап кылган жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулап, иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, өз дараметин жогорулатууну чечишти.
Түп районунун жергиликтүү кеңештеринин аял депутаттарынын клубунун ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын башка райондору үчүн үлгү болот деп ишенебиз.
Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабры ПЖ № 414 Жарлыгына ылайык, жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде 5 айыл аймагы түзүлдү:
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу, Ак-Булуң, Ак-Булак жана Сары-Булак айыл аймактарын бириктирип, Балбай айылын административдик борбор деп аныктоо менен Балбай айылдык аймагы;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Чоң-Таш жана Санташ айыл аймактарын бириктирип, Талды-Суу айылын административдик борбор деп аныктоо менен Каркыра айыл аймагы;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Карасаев жана Арал айыл аймактарын бириктирип, Миң-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Карасаев айыл аймагы;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл, Тогуз-Булак жана Михайловка айыл аймактарын бириктирип, Михайловка айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ысык-Көл айылдык аймагы;
- азыркы чек араларын өзгөртүүсүз калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл аймагы.
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун жергиликтүү кеңештеринин иштеп жаткан депутаттары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары болуп калышты.



