КР БШК №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады.
11 апреля 2023
Шайлоочулардын алдын ала тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, (калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) маалыматтарынын негизинде түзүлүп, шайлоочулардын мамлекеттик порталына “Тизме": шилтеме - tizme.gov.kg. жайгаштырылды.
Шайлоочулардын тизмелери 2023-жылдын 11-апрелинде, 51 шайлоо участкасына илинди.
№26 Ленин шайлоо округу боюнча алдын ала тизмедеги шайлоочулардын саны 124 702, анын ичинен 46 753 эркектер жана 64 135 аялдар же 42,22% жана 57,78%.
Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттешип, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын тактыгын камсыздоо максатында күн сайын жүргүзүлөт.
Урматтуу шайлоочулар!
2023-жылдын 11-апрелинен тартып 17-майына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:
- 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
- «tizme.gov.kg» сайтында;
- шайлоо участогунда;
- өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).
Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2023-жылдын 17-майына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.
Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.
Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.