Баткен, Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктады
10 апреля 2023
2023-жылдын 9-апрелинде саат 20:00дө 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктады.
Шайлоочулардын тизмесине (ШТ) бардыгы 72 009 шайлоочу киргизилген, анын ичинде 71168 – участоктордо добуш берүү үчүн, ал эми 841и электрондук добуш берүүчүлөрдүн тизмесине киргизилген.
Добуш берүүгө бардыгы 28088 шайлоочу катышты, бул добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин жалпы санынын 39,01 пайызын түздү.
Участоктордо 71168 шайлоочудан бардыгы 27394 шайлоочу добуш берди, бул участоктордо добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин санынын 38,49 пайызын түздү.
841 шайлоочудан бардыгы 694ү электрондук түрдө добуш берди, бул электрондук түрдө добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин санынын 82,52 пайызын түздү.
Участоктордо эң жогорку жигердүүлүк Бакыян айылдык кеңешинде байкалды, мында шайлоочулардын жалпы санынын 62,57 пайызы добуш берди.
Шайлоонун жүрүшүндө КР жарандарынан – шайлоочулардан, байкоочулардан, талапкерлерден Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна даттануулар жана кайрылуулар түшкөн жок.
2023-жылдын 9-апрелинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамга ылайык, 20 календарлык күндүн ичинде чыгарылат.
Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын катышуусу:
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Баткен районундагы шайлоодо участоктордо добуш берүү менен катар пилоттук электрондук добуш берүүгө шайлоочулардын катышуусу:
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Баткен, Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү жана шайлоонун алдын ала натыйжалары жөнүндө мындагы шилтеме боюнча кыйла кеңири тааныша аласыз
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
