КР БШКда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүү маселеси боюнча колл-борбор иштеп жатат

09 апреля 2023

БШКда 1255 кыскача номери боюнча колл-борбордун акысыз шашылыш линиясы иштеп жатат.

КР БШКнын колл-борборуна кайрылганда жарандар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгѳ байланышкан маселелер боюнча консультация ала алышат, ошондой эле Баткен облусунун Баткен районунудагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо пилоттук электрондук добуш берүүгѳ байланышкан суроолорго жооп алышат.

КР БШКнын шашылыш линиясы шайлоо процессинин жүрүшү жѳнүндѳ жарандардын маалымат алуусун жогорулатуу, добуш берүүгѳ катышуунун эрежелери жана 2023-жылдын 9-апрелинде болуучу Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй олбустарынын айрым жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын катышуусун активдештирүү үчүн ишке киргизилген.

 

Электрондук добуш берүү кантип ѳткѳрүлѳ тургандыгы жѳнүндѳ видеороликти ушул жерден кѳрсѳ болот.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү