«Сезим» КФ жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышат

09 апреля 2023

«Сезим» коомдук фондусунун жетекчиси Камилжан Майнаев коомдук байкоочу катары жергиликтүү кеңештерди шайлоого мониторингге катышат.

Жакында эле, 8-апрелде Камилжан Майнаев орун-жайдан тышкары добуш берүүнүн жүрүшүнѳ байкоочу катары катышкан.

Ал Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо тынч жана акыйкат ѳткѳрүлѳрүнѳ ишенгендигин билдирди, ошондой эле жергиликтүү кеңештерди шайлоого байкоочу болгондугуна жана татыктуу шайлоолорду ѳткѳрүүгѳ ѳз салымын кошоруна ѳтѳ сыймыктанарын билдирди.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү