БШК шайлоочуларга 14 айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер жѳнүндѳ маалыматтар менен таанышууну сунуштайт
09 апреля 2023
2023-жылдын 9-апрели – 143 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү. Барлыгы болуп 254 депутат шайланат, алардын ичинен округдарда 97 мандат аялдар үчүн резервге калтырылган.
Шайлоолого катышуу үчүн айылдык кеңештердин депутаттыгына 470 талапкер, алардын ичинен 164 аялдар катталган.
БШК «Талапкер» https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_aiyl маалымат ресурсунан депутаттыкка талапкерлер жѳнүндѳ маалыматтар менен таанышууну сунуш кылат.
Бул ресурста шайлоочу ар бир талапкер боюнча кеңири маалыматтарды: талапкер жѳнүндѳ, шайлоо алдындагы программасы жана шайлоо фондусунун каражаттарынын кыймылы тууралуу жалпы маалыматты, таба алат:
Ошондой эле шайлоочу шайлоо участкаларында илинген плакаттардагы талапкерлер жѳнүндѳ маалыматтар менен тааныша алат.
Жергиликтүү кеңештерлдин депутаттыгына талапкерлер жѳнүндѳ шайлоочуларды маалымдоо максатында БШК райондук жана облустук гезиттерде маалыматтарды жарыялаган.
- «Мезгил Үнү» Кара-Кула району - 24.03.2023-ж. №11 (8025)
- «Ноокат Таңы» Ноокат району - 23.03.2023-ж. №14-15-16 (9412)
- «Алай Таңы» Алай району - 18.03.2023-ж. №8 (8289)
- «Ош Жаңырыгы» Ош облустук гезитти - 18.03.2023-ж. №10 (16877)
- «Баткен Таңы» Баткен облустук гезити - 20.03.2023-ж. №11 (143)
- «Тенир-Тоо» Нарын облустук гезити- 23.03.2023-ж.. №41-43 (143527-143529)
- «Чуй Баяны» Аламун району - 24.03.2023-ж. №10 (1161)
- «Талас байрагы» Талас облустук гезити - 27.03.2023-ж. №12 (8112)
Урматтуу шайлоочулар, маалымат алып туруңуз, аң-сезимдүү жана эркин добуш бериңиз, элдин татыктуу ѳкүлдѳрүн тандаңыз!
КР БШКнын маалымат бөлүмү









