КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

04 апреля 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 4-апрелинде өткөн жыйналышында Жайыл, Кара-Кулжа, Талас жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айылдык кеңешинин депутаты Байзакова Наргиза Шайлообековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептини директору Макеева Чынара Анарбековнага өткөрүп берилди.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты Анарбай уулу Максаттын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Муратбеков Асилбек Абдыманаповичке өткөрүп берилди.

Талас облусунун Талас районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Талантбеков Калыс Талантбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын башчысы Ниязалиев Масалбек Арстанбековичке өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Курманалиева Нургүл Өмурбековнанын (№5, «Ордо» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Асанова Динара Иманакуновнага (№11, «Ордо » саясий партиясы) өткөрүп берилди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү