БШК № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлер Э.К. Булекбаевдин жана М.К. Кунакуновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
04 апреля 2023
2023-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына көрсөтүлгөн эки талапкер Э.К. Булекбаевдин жана М.К. Кунакуновдун шайлоо жана финансы маселелерибоюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды.
1. Булекбаев Эркин Касымович – № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкер:
Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл –Борубаева Гульхан Бираевна;
Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктууөкүл – Элебесова Диляра Дердешовна.
2. Кунакунов Максат Касымжанович – № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнчаКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешининдепутаттыгына көрсөтүлгөн талапкер:
Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктууөкүл – Есентаева Айсана Маратовна.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
