КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

22 марта 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 22-мартындагы өткөн жыйналышында Нарын шаардык, Ош, Кадамжай, Балыкчы, Аламүдүн, Сокулук, Кемин, Талас, Базар-Коргон, Токтогул жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Нишарапов Нурбек Бакаевичтин (№1, «Улуу Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кубанычбек уулу Нурбекке (№8, «Улуу Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ош облусунун Ош шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек  кызы Нуркыз (№6, «Биздин Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ормонова Жамал Аккозевнага (№36, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ош облусунун Ош шаардык кеңешинин депутаты Эркинбаев Автандил Ташполотович (№10, «Биздин Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдыманапов Медербек Арстанбековичке (№65, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ош облусунун Ош шаардык кеңешинин депутаты Турдуев Ильяз Эрмекович (№7, «Биздин Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Колдошев Бекболот Келдибековичке (№91, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты Имаров Кутпидин Абибилаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Исмаилов Алишер Мухаммаджановичке өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин депутаты Ормонов Кубанбек Акбаралиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Таабалдиев Нурали Абдрашитовичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты Табалдиев Алишер Кадырбековичтин (№1,  «Эмгек» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Садыгалиев Нурбек Таштанбековичке (№7, «Эмгек» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айылдык кеңешинин депутаты Колодочкина Светлана Евгеньевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Дятлова Екатерина Станисловнага өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин депутаты Керн Ангелина Робертовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Камбарова Гулсайра Максытовнага өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Кемин районунун Ак-Түз айылдык кеңешинин депутаты Касымбекова Мария Касымбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Курманалиев Талант Джолдошбековичке өткөрүп берилди.

Талас облусунун Талас районунун Калба айылдык кеңешинин депутаты Кадырбек уулу Эрнистин ыйгарым укуктары соттун өкүмүнүн негизинде токтотулду. Мандат Абылгазиев Уран Султангазиевичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Хакимжанова Гулором Жамшидовнанын (№3, «Ата-Журт Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдураимова Жазгул Тагаевнага (№15, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Кудайназарова Анарбу Жумагуловнанын (№9, «Ата-Журт Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Утурова Айзада Машовнага (№15, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Турдуматов Алмазбек Керезбаевич (№4, «Ыйман Нуру» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Исманов Бактияр Мырзавлатович (№8, «Ыйман Нуру» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арыздарынын негизинде Сыдыкова Расия Раимжановнаны Чүй облусунун Кемин районунун Ак-Түз айылдык кеңешинин, Насиридин уулу Орозбекти Баткен облусунун Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.