А. Дубанбаева: Алдыда 2023-жылы 9-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо ар бир шайлоо округунда мандаттардын 30 пайызынан кем эмеси аялдар үчүн резервге калтырылат

16 марта 2023

Алдыда 2023-жылы 9-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо ар бир шайлоо округунда мандаттардын 30 пайызынан кем эмеси аялдар үчүн резервге калтырылат, деп айтты Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушуунун жүрүшүндө БШК мүчөсү, аймактын куратору А. Дубанбаева.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого жигердүү катышуусу үчүн мамлекет бардык шарттарды түзүүдө. Ушуга байланыштуу жергиликтүү кеңештерге катышуу үчүн шайлоодо, жергиликтүүмаанидеги социалдык-экономикалык маанилүү маселелерди чечүүдө жигердүү болууга силерди чакырабыз”, деп белгиледи А. Дубанбаева.

Талапкерлерге шайлоонун учурдагы этаптары тууралуу маалымат беришти. Азыркы кезде талапкерлерди каттоо жол-жоболору өткөрүлүүдө, алар 20-мартта аяктайт. Ошол күндөн тартып шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башталат.

Жолугушуунун катышуучулары үгүт жүргүзүү эрежелери тууралуу маселелерди козгошту, “үгүт жүргүзүү мезгилинде кандай ресурстарды пайдаланса болот, кайрымдуулук кылуу сатып алуу болуп эсептелеби, көп адамдар катышкан иш-чараларды өткөрүүгө болобу деген суроолорду узатышты.

Талапкерлер шайлоо комиссиялары тарабынан арыз, даттанууларды кароо тартиби жана мыйзамдарынын ченемдерин бузгандык үчүнукуктук жоопкерчилик тууралуу маалыматалышты.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдына жарандар менен жолугушууларды уюштурууда талапкерлерге жардам берүү, участоктордун жеткиликтүүлүгүн, көп адамдар катышкан иш-чараларды өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттер коюлду.

 

Маалымат үчүн:

Шекер айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 3355. Мандаттардын саны – 21, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 7мандат. Талапкерлер саны – 35, анын ичинде аялдар – 11.

Бейшеке айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 3749. Мандаттардын саны – 21, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 8 мандат. Талапкерлер саны – 42, анын ичинде аялдар – 13.

Бакыян айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 2448. Мандаттардын саны – 11, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 4 мандат. Талапкерлер саны – 16, анын ичинде аялдар – 5.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү