КР БШК 2023-жылы 9-апрелде айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүүчү айылдарда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутту
07 марта 2023
КР БШК 2023-жылы 9-апрелде айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүүчү айылдарда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутту.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы №19 ПЖ Жарлыгы менен 2023-жылдын 9-апрелине Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 жергиликтүү кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоо дайындалды.
Шайлоону уюштурууга 9 аймактык шайлоо комиссиясынын 110 мүчөсү, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын 659 мүчөсү ишке тартылган. Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 53 шайлоо участогу ачылды.
Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешине бардыгы 254 депутат шайланат, анын ичинде 97 мандат аялдар үчүн резервге калтырылды.
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштуруу эрежелерин үйрөнүштү:
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү;
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн иш принциптери жана ыйгарым укуктары;
- шайлоочуларга маалымат берүү тартиби;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо тартиби;
- «Электрондук талапкер» тутумуна маалыматтарды киргизүү тартиби;
- талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү тартиби, шайлоо күрөөсү, каржы айкындуулугу;
- шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү;
- шайлоо комиссиялары тарабынан арыз, даттанууларды кароо, шайлоо талаш-тартыштары, Ыкчам чара көрүүнүн координациялык топторунун (ЫЧКТ) иштөөсү ;
- шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузгандык үчүн укуктук жоопкерчилик;
- КР БШКнын маалымат ресурстары, шайлоо процессиндеги технологиялар.
Баткен облусунун Баткен районунун айылдык кеңештеринде (Самаркандек, Ак-Татыр жана Ак-Сай) пилоттук режимде электрондук добуш берүү уюштурулат, ушуга байланыштуу тиешелүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү өзүнчө окутуудан өтүшөт.
Учурда депутаттыкка талапкерлерди каттоо процесси жүрүүдө. Талапкерлерден документтер 2023-жылдын 9-мартында саат 24.00гө чейин кабыл алынат.
Депутаттыкка талапкерлерди каттоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерлерден түшкөн документтердин талапкерлерди көрсөтүү тартибине ылайыктуулугу текшерилгенден кийин жүргүзүлөт (2023-жылдын 20-мартына чейин).