2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүү апробациядан өткөрүлөт

07 марта 2023

«Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы №19 ПЖ Жарлыгын аткаруу үчүн буга чейин БШК Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешинде электрондук добуш берүүнү пилоттук режимде апробациялоо чечимин кабыл алган.

28-февралда жана 1-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр жана Ак-Сай айылдарынын тургундары менен жолугушуулары болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ак-Сай айыл аймагынын тургундарынан Ак-Сай айылынын көп тургундары айыл аймагынан тышкары жерлерде тургандыктан, Ак-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү колдонуу жөнүндө кайрылуу келип түштү.

Ушуга байланыштуу Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү пилоттук режимде апробациялоо географиясын кеңейтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө электрондук добуш берүү тутумунун иштеп чыгуучулары менен техникалык кеңешүү жүргүзүлдү.

Жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл аймактарынын тургундарынын кайрылууларын эске алып, БШК Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо дагы электрондук добуш берүүнү апробациядан өткөрүү чечимин кабыл алды.

Баткен АШКга Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен өз ара аракеттешип, Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл аймактарынын тургундарынын арасында электрондук түрдө добуш берүү тартиби тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

БШК аппаратына Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук түрдө добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө арыздарды, анын ичинде «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыздарды кабыл алууну камсыздоо боюнча чараларды көрүү тапшырылды.