БШК Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
04 марта 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылы 4-мартта Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- «Ата Мекен» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Пиназаров Алмамат Атыркулович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Эсенбаева Миргуль Эсенбаевна, Абдибает кызы Гулдар комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Додоев Уланбек Абдимиталипович, Мамасадыков Адилбек Раимжанович, Даткабек кызы Гулбара резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү А.А. Пиназаровдун, М.Э. Эсенбаеванын жана Г. Абдибает кызынын Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү