Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктоо

03 марта 2023

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайт!

Кыргызстандын Мамлекеттик туусу биздин көз карандысыздыгыбыздын жана биримдигибиздин символу болуп саналат.

Мамлекеттик туу биз бир улут болуп саналарыбызды, биздин Ата мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө жана бакубат турмушуна бирге умтулаарыбызды дайыма эске салып турсун!

Сиздерге ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстанга тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайбыз!