Таанышып, тактоо үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоо участокторунда илинди
25 февраля 2023
Урматтуу шайлоочулар!
2023-жылдын 18-февралынан тартып 24-мартына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:
- 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
- «tizme.gov.kg.» сайтында;
- шайлоо участогунда;
- өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуу акысыз).
Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2023-жылдын 24-мартына чейин (кошуп алганда) тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга же электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg.” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арызды тапшырсаңыз болот.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын баардык жарандары киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамаатка мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-бер. 41-абз.; 12-бер.1-бөл.).