БШК Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн ЖМКларды жана интернет-басылманы аккредитациядан өткөрдү

22 февраля 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылы 22-февралда өткөн жыйналышында 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган  Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн 18 жалпыга маалымдоо каражатын жана интернет-басылманы аккредитациядан өткөрдү, анын ичинде:

  • Телекөрсөтүү – 3 (үч);
  • Радио - 5 (беш);
  • Басма басылышы - 9 (тогуз);
  • Интернет-басылма – 1 (бир).

Аккредитациядан өткөрүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылманын тизмеси       

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү