КР БШКнын 2023-жылы 22-февралда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
22 февраля 2023
Өткөрүү датасы: 22.02.2023-ж.
Убактысы: 14:45
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылманы аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы – Р.Р. Изреков, маалымат бөлүмүнүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Панфилов, Сокулук, Кара-Көл, Сузак жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү жана идентификациялоодо колдонуучу модернизацияланган түзүлүштөрдү пилоттук режиминде апробациялоо жөнүндө (жумушчу кеңешмени өткөрүү менен)
(баяндамачы – М.М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
4. Ар түрдүү маселелер