БШК Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы № 4116 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү
15 февраля 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 15-февралындагы жыйналышында Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы № 4116 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кылды:
Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы № 4116 шайлоо участкасынын дареги Т. Турсунбаева атындагы орто мектеп-гимназиясынын имаратынан Т.Турсунбаева атындагы «Соң-Көл» кинотеатрынын имаратына өзгөртүлсүн.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
Чечим Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, кабыл алынды.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлгөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү