КР БШКнын 2023-жылы 15-февралда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15 февраля 2023
Өткөрүү датасы: 15.02.2023
Убактысы: 13:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын, Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Суу, Тоң, Сүлүктү, Кара-Көл, Сузак, Аксы, Ноокат, Кара-Суу, Ак-Талаа, Жумгал, Сокулук жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин №4116 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
6. Ар түрдүү маселелер