БШК 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган КРдин 14 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык  планын бекитти

08 февраля 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 8-февралындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын 5 облусунун 14 айылдык кенешинде депутаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 19 ПЖ Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2023-жылдын 9-апрелине дайындалды.

КР Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу үчүн жана мыйзамдардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын Календардык планын кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн негизги багыттары жана этаптары:

Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо

- ЖМК, интернет-басылмалар тарабынан акы төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды БШКга берүүсү – 2023-жылдын 17-февралына чейин.

Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө

- шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү жана Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгарып алуу – 2023-жылдын 8-февралына чейин;

- шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү – 2023-жылдын 18-февралына чейин;

- шайлоочулардын тизмесиндеги каталар жана так эместиктер, тизмеде болбогондук жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу – (2023-жылдын 24-мартына чейин (кошуп алганда);

- шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 2023-жылдын 10-мартына чейин;

- шайлоочулардын шайлоо участокторунун чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн биротоло тизмесин түзүү – 2023-жылдын 30-мартына чейин.

Шайлоо округдарын түзүү

  • шайлоо округдарын түзүү – 2023-жылдын 18-февралына чейин;

- шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү – 2023-жылдын 18-февралына чейин.

Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо

- айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү – добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда (2023-жылдын 9-мартында саат 24.00гө чейин);

- айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү –добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 9-мартында саат 24.00гө чейин);

- айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо – добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күнгө чейин (2023-жылдын 20-мартына чейин).

Шайлоо алдындагы үгүт

- шайлоо алдында үгүт жүргүзүү – 2023-жылдын 20-мартынан тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда (2023-жылдын 8-апрелинде саат 8.00дө) токтотулат.

Шайлоо бюллетендерин даярдоо жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

- шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү 2023-жылдын 20-мартына чейин;

- шайлоо бюллетендерин даярдоо 2023-жылдын 30-мартына чейин.

Добуш берүүнү өткөрүү тартиби

- добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызын кабыл алуу 2023-жылдын 6-апрелине чейин;

- добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн мурда (2023-жылдын 8-апрели, саат 8.00дөн 20.00гө чейин);

- добуш берүүнү өткөрүү – 2023-жылдын 9-апрели, саат 8.00дөн 20.00гө чейин;

- айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо – 2023-жылдын 29-апрелине чейин.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү