КР БШК 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдалган шайлоо бюллетендерин Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жеткизди
30 сентября 2022
2022-жылы 29-сентябрда КР БШК мүчөсү М.Д. Наспековдун катышуусунда Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн даярдалган шайлоо бюллетендери жеткизилип, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына акты боюнча өткөрүлүп берилди.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн кыргыз тилинде 8127 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 5 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.
Маалымат үчүн: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык, шайлоо бюллетендерин Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн калганда жүзөгө ашырылат. Участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынын 0,1 пайызынан ашышы мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү





