КР БШКнын 2022 - жылы 10-августта өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
10 августа 2022
Өткөрүү датасы: 2022-жылдын 10 августу
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каралган сметасын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы)
3. 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
(баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы)
4. Шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун тексти жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттери тиркемеге ылайык бекитилсин
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Таш-Көмүр, Токтогул жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
7. Ар түрдүү маселелер.
