Аймактык комиссиялар жергиликтүү кеңештерге талапкерлердин орто билимден төмөн эмес билими бар болушу жөнүндө мыйзам талаптарына ылайыктыгын кароодо

09 апреля 2022

Аймактык комиссиялар жергиликтүү кеңештерге депутаттыгына талапкерлердин жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар болушу жөнүндө мыйзам талаптарына ылайыктыгын кароодо.

2022-жылы 10-апрелде 3 шаардык (Кара-Балта, Таш-Көмүр, Токтогул)  жана 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Бардыгы 336 депутат шайланыш керек, 1318 талапкер ушул мандаттар үчүн ат салышууда.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү кеңешке талапкердин жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар болушу керек.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий маалыматы боюнча 11 талапкер боюнча мекетептердин документтеринде көрсөтүлгөн архивдерде алардын окутуудан өткөндүгү тууралуу маалыматтар камтылган эмес.

Азыркы учурга карата текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аймактык комиссиялар Таш-Көмүр шаарында партиядан көрсөтүлгөн 1 талапкерди каттоодон баш тартылды,  Кара-Балта шаарында 2 саясий партиядан көрсөтүлгөн 2 талапкерди каттоо жокко чыгарылды.

Токтогул шаарында партиялардан көрсөтүлгөн бир катар талапкерлер боюнча маалыматтарды тактоо улантылууда.  Талапкерлерге мыйзам талап кылгандай талапкерлердин жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар болушу керек экендиги тууралуу билдирмелер тапшырылып, ырастоолор кошумча суралды.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча талапкерлер тарабынан бузуулар аныкталса, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы шайлоо процессинин ар кандай баскычында талапкерди каттоо жокко чыгарууну карайт.

Маалымат үчүн:

3 шаардык кеңеште депутаттык мандаттардын жалпы саны 93тү түзөт, 13 партиядан 827 талапкер катталган.

13 айылдык кеңеште депутаттык мандаттардын жалпы саны 243тү түзөт, анын ичинде округдарда аялдар үчүн 96 мандат резервде калтырылган.

13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 491 талапкер катталган, анын ичинде 160ы аял талапкер.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү