КР БШКнын 21-март - Нооруз майрамы менен куттуктоосу!
21 марта 2022
Урматтуу мекендештер!
Жаз майрамы, бакубатчылыктын, берекенин, кайра жаралуунун, тынчтыктын жана достуктун символу - Нооруз майрамы менен кызуу куттуктайбыз!
Нечен кылымдарды карытып, бизге жеткен бул майрам биздин рухий маданиятыбыздын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Ал элибиздин жашоосун жаркын үмүттөр жана аруу тилектер менен байытып, турмушубузда өзгөчө орун ээлөөдө.
Байыркы замандан бери Нооруз кыштан кийин жаратылыштын жаңыруусунун, жаздын, жылуу күндөрдүн символу катары кабыл алынып келатат.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүгүнкү жаркын майрам - Ноорузда силерге бакыт, чың ден соолук, бакубат жашоо жана бардык изги ишиңерге ийгилик каалайбыз! Үйүңүздөн жакшылык менен мээрим, береке менен токчулук кетпесин!
КР Борбордук шайлоо комиссиясы

