№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары аныкталды

07 марта 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 7-мартында өткөн жыйналышында 2022-жылы 27-февралда болуп өткөн № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколду бекитти.

№ 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 60 шайлоо участогу түзүлгөн.

№ 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 113 105 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 19 232 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 17,00 %ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 27 талапкерди каттады, алардын ичинен 25 талапкер шайлоого катышты.

Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Биринчи май округдук шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 3-мартындагы протоколунун маалыматтарына ылайык добуштар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

Талапкерлердин ФАА

Добуштардын саны

%

№ 1

Нурматов Темирбек Асанович

98

0.51%

№2

Нурдинов Бейшеналы

569

2.96%

№3

Тотонов Нурбек Темирбекович

3 544

18.43%

№4

Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна

9 225

47.97%

№5

Искендеров Эльман Хыдырович

78

0.41%

№6

Кермалиев Таалайбек Женишович

138

0.72%

№7

Мамбетсадыков Азамат Нурбекович

131

0.68%

№8

Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич

172

0.89%

№9

Савин Виктор Евгеньевич

614

3.19%

№10

Ибраймакунов Данияр Омурбекович

150

0.78%

№11

Акылбеков Русланбек Акылбекович

244

1.27%

№12

Капаров Чынгыз Капарович

155

0.81%

№13

Ремнев Роман Павлович

112

0.58%

№14

Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович

63

0.33%

№15

Гапаров Адылбек Абдикаримович

79

0.41%

№16

Тагайбек Султан

38

0.20%

№17

Абдыкадыр уулу Бектур

201

1.05%

№18

Мусаев Тахир Насырович

736

3.83%

№19

Сартаев Анвар Айдарович

84

0.44%

№20

Абдыразакова Айжан Улановна

111

0.58%

№21

Токтокожоев Таалайбек Самудинович

161

0.84%

№22

Акеров Тавылды Абдраманович

158

0.82%

№23

Токтакунов Нурбек Акбарович

1 068

5.55%

№24

Сариев Акылбек Аблабекович

72

0.37%

№25

Жуков Виталий Юрьевич

195

1.01%

№26

БААРЫНА КАРШЫ

935

4.86%

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү