Шайлоо дайындалган күндөн тартып КР БШКнын шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу тобуна 24 арыз түштү
27 февраля 2022
Шайлоо дайындалган күндөн тартып 2022-жылдын 27-февралына карата КР БШКнын шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу тобуна 24 арыз түштү. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР БШК мүчөсү, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев билдирди.
№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча – 4 арыз жана кайрылуу, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 20 арыз жана кайрылуу түштү:
- шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу жөнүндө – 20;
- талапкер тууралуу билип туруп жалган маалымат таратуу жөнүндө – 4.
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн 6 талапкерге 50 000 сом суммасында айып пул салынды.
КР БШК ЫЧКТга 15 арыз түштү, анын ичинде № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча – 6 арыз, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 9 арыз түштү:
- шайлоочулардын добуштарын сатып алуу ыктымалдыгы жөнүндө – 9;
- администрациялык ресурсту кыянаттык менен пайдалануу ыктымалдыгы жөнүндө – 3;
- баннерди уурдоо жөнүндө – 2;
- шайлоо документтерин бурмалоого аракеттенүү жөнүндө – 1.
КР БШК кийин жоопкерчиликке тартылып калбоо үчүн талапкерлерди шайлоо мыйзамдарынын эрежелерин катуу сактоого чакырат.
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык шайлоо укуктарын бузгандык үчүн укуктук жоопкерчилик төмөнкүлөрдө каралган:
1) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (конституциялык-укуктук жоопкерчилик);
2) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде;
3) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде.
БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
