Борбордогу эки округда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү башталды

27 февраля 2022

Бүгүн - 2022-жылы 27-февралда саат 08.00дө Бишкек шаарындагы бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүү башталды.

№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн 120 шайлоо участогу ачылган. Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесиндеги шайлоочулардын саны 219 654, алардын ичинде 92 587си – эркек, 127 067си – аял:

- № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 113 105 шайлоочу, алардын ичинде 46 753ү – эркек, 64 135и – аял;

- № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 106 549 шайлоочу, алардын ичинде 44 273ү – эркек, 60 438и – аял.

Добуш берүүнү өткөрүү убактысы: 2022-жылы 27-февралда саат 08.00дөн 20.00гө чейин (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун милдеттүү түрдө ала келүү зарыл).

Маалымат алуу үчүн телефондор:

№ 27 Биринчи май шайлоо округу жана № 29 Свердлов шайлоо округу – 0312 38-24-26;

жалпы маселелер боюнча – 1255;

шайлоочулардын тизмеси боюнча – 119.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер тууралуу кеңири маалымат менен Сиз бул шилтемеден тааныша аласыз.

 

БШК аппаратынын маалымат бөлүмү