БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын Жамгырчиев Эмил Эриковичке өткөрүп берди

26 февраля 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты болгонуна байланыштуу «Альянс» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Жамгырчиев Эмил Эриковичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды.

КР БШК токтому менен Жамгырчиев Эмил Эрикович КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылды.

Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү