Борбордогу № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдарында добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө
26 февраля 2022
Бүгүн – 2022-жылы 26-февралда Бишкек шаарынын № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу.
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүлүүдө.
Эки шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө 1253 (120/77 УШК) арыз берилди. Анын ичинде:
- № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча бардыгы 60 УШК, алардын ичинде 25 УШКга 397 арыз түштү (114ү – оорусу боюнча, 207си – карылыгы боюнча, 76сы – карылар үйүндө);
- № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча бардыгы 60 УШК, алардын ичинде 52 УШКга 856 арыз түштү (421и – оорусу боюнча, 435и – карылыгы боюнча).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү









