Борбордогу эки округда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү

25 февраля 2022

№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө 1253 (120/77 УШК) арыз берилди. Анын ичинде:

- № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча бардыгы 60 УШК, алардын ичинде 25 УШКга 397 арыз түштү (114ү – оорусу боюнча, 207си – карылыгы боюнча, 76сы – карылар үйүндө);

- № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча бардыгы 60 УШК, алардын ичинде 52 УШКга 856 арыз түштү (421и – оорусу боюнча, 435и – карылыгы боюнча).

Маалымат үчүн: «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:

  1. добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар;
  2. алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.
  • Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча –
  1. добуш берүү күнү калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары,
  2. добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
  3. жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагы иштеген шайлоочулар,
  4. вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар.

Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү