БШК Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

16 февраля 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 16-февралында Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизилди:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Осмоналиева Нурила Мамытбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Керимкулова Айтолкун Таалайбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сагынбек уулу Кулмат резервден комиссиянын курамына киргизилсин;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жолочиев Адилет Жолочиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Токтом Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Н.М. Осмоналиеванын жана А.Т. Керимкулованын шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү