БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
15 февраля 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 15-февралындагы жыйналышында Сузак, Базар-Коргон, Кызыл-Кыя, Түп, Талас, Алай, Кара-Суу, Нарын жана Ошаймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айылдык кеңешинин депутаты Мурзаканов Чолпонбек Исмаиловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Джайчиев Улан Аканбековичке өткөрүп берилди.
Каза болгондугуна байланыштуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айылдык кеңешинин депутаты Атабаев Максатбек Турдукуловичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Джайчиев Улан Аканбековичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык кеңешинин депутаты Темирбаева Максудахан Юлчиевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат №34 орто мектебинин мугалими Миркамилова Флюра Сайдуллаевнага өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык кеңешинин депутаты Досматов Алмаз Азимжановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Кочоров Диёрбек Макамжоновичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Айтматов Мирланбек Мусаевичтин (№1, «Ата-Журт Кыргызстан» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Жолдошов Азизбек Азимовичке (№8, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сан-Таш айылдык кеңешинин депутаты Байзакова Кудайбергена Ишенкуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат мугалим Муканов Данияр Кенешовичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Момоев Айтбек Исаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат мугалим Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүп берилди.
Талас облусунун Талас районунун Омуралиев айылдык кеңешинин депутаты Токтоматов Турдакун Ажыматовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Альянс Алтын» ЖЧК айдоочусу Жеңишов Мелис Жеңишовичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Алай районунун Жошолу айылдык кеңешинин депутаты Топчубеков Азамат Топчубековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Сапарбаева Максаткан Абдыкалыковнага өткөрүп берилди.
Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Эрмек уулу Фархатын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Келдиев Серик Муралимовичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө айылдык кеңешинин депутаты Шамшиева Айжаркын Маматкабыловнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Т. Жумабаев атындагы орто мектептин мугалими Жакыпова Мухабаткан Аккозуевнага өткөрүп берилди.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты Алимжанов Исломбек Азизиллаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Шамшад-Суу» СООППВ инспектору Умурзаков Бахтыяржан Абдыкаримовичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айылдык кеңешинин депутаты Курманбеков Жакшылык Талантбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Жүндүбаев Бактыбек Даниловичке өткөрүп берилди.
Ошондой эле жыйналышта БШК мүчөлөрү төмөнкү талапкерлерди жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарышты:
- өз арызынын негизинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Токтаев Арстанбек Мавляновичти;
- өз арызынын негизинде Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Дүйшалиев Талантбек Ишенбаевичти;
- өз арызынын негизинде Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Тынчтыкбек уулу Субанды;
- өз арызынын негизинде «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер (№17) Каналиев Бактыбек Эркиновичти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
