КР БШКнын 2022-жылдын 15-февралында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

15 февраля 2022

Өткөрүү датасы: 15-февраль 2022-ж.

Убактысы: 16:00

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сузак, Базар-Коргон, Кызыл-Кыя, Түп, Талас, Алай, Кара-Суу, Нарын жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Гуля Идиновна Алмамбетованын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер А.Ш. Муртазалиевге жана Б.Ж. Бакировго карата М. Шамсидин уулунун арызы жөнүндө

(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)

5. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер А.Ш. Муртазалиевге жана Б.М. Саадабаевге карата Н.А.Адисбековдун арызы боюнча

(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)

6. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Н.Ж.Маматкуловага карата М. Шамсидин уулунун берген арызы жөнүндө

(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)

7. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш.К.Атазовдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.А. Жапаровдун талапкер тууралуу алдын-ала жалган маалыматтарды жайылтуу фактысы боюнча «Вечерний Бишкек» интернет-басылмасына карата арызы жөнүндө

(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)

8. Ар кандай маселелер