КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
11 февраля 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 11-февралындагы жыйналышында төмөнкүдөй токтом кылды:
1. Кара-Көл, Ала-Бука, Кара-Кулжа жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Ала-Бука жана Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Кара-Көл, Ала-Бука, Кара-Кулжа жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Жаманбаев Жылдызбек Ташибековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Таабалдиев Адилет Таабалдиевичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айылдык кеңешинин депутаты Эсеналиев Белек Акпаралыевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Арзыбеков Кумарбек Абдикалиловичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айылдык кеңешинин депутаты Момунов Шумкарбек Алыевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Рыскулов Айбек Сапарбековичке өткөрүп берилди.
Каза болгондугуна байланыштуу Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылдык кеңешинин депутаты Бектемирова Перизат Машаевнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Табалдыева Гүлбаракан Шералиевнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Комаров Андрей Александровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Түндүкэлектр» ААК башкы инспектору Абрахманов Улукбек Медетбековичке өткөрүп берилди.
Каза болгондугуна байланыштуу Чүй облусунун Панфилов районунун Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Токтогулова Эльвира Эсенбековнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Кулматова Кадыркүл Аязбековнага өткөрүп берилди.
Ошондой эле төмөнкү 3 депутаттыкка талапкер Ала-Бука жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери менен жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган тизмеден чыгарылды:
• Эсеналиева Атыркан Мадраимовна өз арызынын негизинде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылды;
• Табышова Гулзат Асанбековна өз арызынын негизинде Чүй облусунун Панфилов районунун Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылды;
• Усонмамыт кызы Токтокан өз арызынын негизинде Чүй облусунун Панфилов районунун Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
