БШК «Эркин-Тоо» газетасына талапкерлер тууралуу маалыматтарды жарыялады
11 февраля 2022
БШК 2022-жылдын 11-февралына карата 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 51 талапкер катталгандыгын маалымдайт.
- № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 26 талапкер катталды;
- № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 25 талапкер катталды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер тууралуу шайлоочуларга маалымдоо максатында БШК «Эркин-Тоо» газетасынын 2022-жылдын 11-февралындагы №16-17 (3351-3352) сандарына № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча ар бир талапкер тууралуу маалыматтарды жарыялады.
Ар бир талапкер тууралуу кеңири маалыматты «Талапкер» http://talapker.shailoo.gov.kg маалымат ресурсунан алууга болорун эске салабыз.
Шайлоочу бул порталдан талапкерлер, талапкерлердин шайлоо алдындагы программалары жана шайлоо фонддорундагы каражаттарынын кыймылы тууралуу маалымат алат.
Ошондой эле шайлоочулар шайлоо участокторундагы плакаттардан талапкерлер тууралуу маалыматтар менен таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү