КР БШК: Бишкек шаарындагы эки округ боюнча талапкерлигин койгон талапкерлер жөнүндө маалыматтар «Талапкер» маалымат ресурсуна жарыяланды
11 февраля 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлигин койгон талапкерлердин тизмесин «Талапкер» маалымат ресурсуна жарыялады.
«Талапкер» http://talapker.shailoo.gov.kg ресурсундагы маалыматтар талапкерлер, талапкерлердин программалары жана шайлоо фонддорундагы каражаттардын кыймылы тууралуу жарандарга маалымдоого арналган.
Ошондой эле «Талапкер» порталынын «Медиа» бөлүгүндө акысыз обо убактысын берүү алкагында «Бешинчи канал» ТВда көрсөтүлүүчү талапкерлерге теледебаттары жана жеке чыгып сүйлөөлөрү жарыяланат.
Шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо айкындуулугунун стандартын ишке ашыруу максатында БШК тарабынан компонент иштелип чыгып, колдонууга киргизилди. Ал талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине акча каражаттарынын келип түшүү жана чыгымдалышы тууралуу маалыматтарды «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу реалдуу убакыт режиминде автоматтык форматта ыйгарым укуктуу банктардан алууга мүмкүнчүлүк берет, ал маалыматтар БШКнын расмий сайтында («Шайлоо фонду» бөлүгүнүн «Талапкер» бети) автоматтык түрдө көрсөтүлөт жана шайлоо фонддорунун каражаттары тууралуу каржы отчётторун топтоп, алып турат. Маалымат жеке маалыматтар жана банк сыры тууралуу мыйзамдардын талаптары эске алынуу менен жарыяланат (б.а. каражаттарды төгүүчүнүн маалыматтарды ачык жарыялоого макулдугу менен) жарыяланат.
2022-жылдын 9-февралына карата № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 26 талапкер талапкерлигин койду.
№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 25 талапкер талапкерлигин койду.
«Талапкер» порталына кирүү үчүн Шилтемени басыңыз.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү