БШК “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясый партиянын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу” КР БШКнын токтому
08 февраля 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 8-февралындагы жыйналышында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясый партиянын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу” КР БШКнын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 154 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Бул токтом жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү, аларга акча каражаттарынын түшүүсүн, аларды сарптоону эсепке алуу эрежелерин жана жол-жоболорун бирдейлештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдөгү окшош эрежелерди жана жол-жоболорду эске алуу менен жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-16-беренелерине ылайык кабыл алынды.
Колдонуудагы Нускама жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо тартибин жөнгө салган мыйзам чыгаруу ченемдерин камтыгандыктан, кабыл алынган токтом менен Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө буга окшош мамилелерди жөнгө салган ченемдик актыларга окшош Жобого кайра өзгөртүлдү.
Талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин банк мекемелеринде ачуу жана жабуу жол-жоболору, шайлоо фонддорун түзүү булактары, шайлоо фонддорунун атайын эсептеринде шайлоо фонддорунун акча каражаттарын эсепке алууну жана сарптоону жүргүзүү, финансы отчёттуулугун түзүү, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына жыйынтыктоочу отчетту берүү үчүн адепки финансы документтерин даярдоо жол-жоболору бирдиктүү принциптерге жана эрежелерге ээ болгондуктан, жогоруда аталган “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясый партиянын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө” Нускамага токтом менен төмөнкү негизги өзгөртүүлөрдү киргизилди:
- «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15- беренесинин 7-пунктунда каралган кайра добуш берүү (кайталап добуш берүү) жүргүзүлгөн учурда шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин, саясий партиянын бардык чыгымдарынын жалпы чектелген суммасынын көбөйтүлүшү тууралуу ченем киргизилди;
- шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр талапкерлердин жана саясый партиялардын жарандар жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөрүндө кызмат көрсөтүү келишимдерине кол коюуга укуктуу адамдар катары конкреттештирилди;
- талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы тууралуу маалыматтарын, талапкерлердин, саясий партиялардын финансы отчётторун БШКнын расмий сайтында реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө көрсөтүп турууга мүмкүнчүлүк берүүчү автоматташтырылган маалымат тутумунун ишке киргизилишин эске алуу менен шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө талапкерлер жана саясий партиялар берүүчү финансы отчётторунун жана аларды тариздөөнүн саны азайтылды;
- шайлоо фондуна акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы тууралуу талапкердин, саясий партиянын финансы отчётунун формасы жаңыланууда, ал Борбордук шайлоо комиссиясынын «Финансылык айкындуулук» деп аталган автоматташтырылган маалымат тутуму тарабынан топтолуп, талапкерлердин жана саясий партиялардын отчётторду түзүүсүн жеңилдетет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
