БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

08 февраля 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 8-февралындагы жыйналышында Ысык-Ата, Кара-Суу, Бакай-Ата, Лейлек жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красноречка айылдык кеңешинин депутаты Кожомамбетов Азамат Асанбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат бала бакчанын тарбиячысы Косяченко Светлана Владимировнага өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылдык кеңешинин депутаты Джолдошев Максат Таалайбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Ак-Суу” ЖЧК директору Малтаев Максат Куттубековичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаты Туленбаев Заирбек Абдумаликовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Сайпидинов Чыныбекке өткөрүп берилди.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айылдык кеңешинин депутаты Сейитов Мүзүрбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Айтбек” дыйкан чарбасынын мүчөсү Токкулиев Радилбек Айтбековичке өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айылдык кеңешинин депутаты Абдилла уулу Назарбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Маданият” орто мектебинин мугалими Сарыбаева Чынарай Нийматовнага өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылдык кеңешинин депутаты Тажиев Нурбек Ажыкуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Маданият үйүнүн башчысы Сманов Торогазы Бабановичке өткөрүп берилди.

Ошондой эле жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өз арызынын негизинде Кенжемуратов Алтынбек Бакытбековичти Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарышты.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү