БШК № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттыгына 4 талапкерди каттоодон баш тартты

01 февраля 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 1-февралындагы жыйналышында талапкерди каттоо үчүн конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербегендиги үчүн № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 4 талапкерди каттоодон баш тартты:

  1. Асанбеков Жаныбек Асанбекович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер. Жогорку кесиптик билим жөнүндө жана шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документтерди бербегендиги үчүн каттоодон баш тартылды;

  2. Жоробеков Азаматбек Жолборсович, № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн. Жогорку кесиптик билим жөнүндө жана шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документтерди бербегендиги үчүн каттоодон баш тартылды;

  3. Керимбеков Бакыт Макенович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти бербегендиги үчүн каттоодон баш тартылды;

  4. Мамбеталиев Данияр Нурланович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти бербегендиги үчүн каттоодон баш тартылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү