БШКга бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 6 арыз түштү

01 февраля 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 1-февралындагы жыйналышында шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү чакыртып алуу жөнүндө арыздарды карап чыгып, аларды эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды.

КР БШКга төмөнкүлөр арыз беришти:

  1. Камбаров Мирлан Адилбекович, № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн;

  2. Шакирова Клара Капановна, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн;

  3. Рысалиев Бактыбек Коржубаевич, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн;

  4. Сопуева Нуржан Джуносовна, № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн;

  5. Масалиев Исхак Абсаматович, № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн;

  6. Керимбаев Жусубалы Топчубаевич, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн.

Буга чейин № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө төмөнкүлөр арыз беришкен:

 

1. Кутбидинов Азизбек Камчыбекович;

2. Аматов Рысбай Аматович.

 

№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча:

1. Мотуев Нурдин Аманканович;

2. Хасанов Дильшат Ибрагимович;

3. Эргешов Казыбек Кочкорович;

4. Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;

5. Ибраймакунов Данияр Омурбекович.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү