БШКга бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2 арыз түштү
28 января 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 28-январындагы жыйналышында шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү чакыртып алуу жөнүндө арыздарды карап чыгып, аларды эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды.
КР БШКга төмөнкү талапкерлер арыз беришти:
-
Эргешов Казыбек Кочкорович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
-
Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович, № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.
Буга чейин Аматов Рысбай Аматович (№ 27 Биринчи май шайлоо округу) жана Ибраймакунов Данияр Омурбекович (№ 29 Свердлов шайлоо округу) КР ЖК депутаттарын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз беришкен.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
