КР ЖК депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу аяктады
27 января 2022
БШК 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу бүгүн – 2022-жылы 27-январда саат 18.00дө аяктады.
“Жалпы иш” коомдук фонду талапкерлерден документтерди кабыл алуу процессине байкоо жүргүздү.
2022-жылдын 27-январынын саат 18.00нө карата БШКга 72 талапкерден документтер түштү, анын ичинен төмөнкү 26 талапкер катталды (документтерди кабыл алуунун акыркы күнү 12 талапкерден арыз түштү).
- № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 36 талапкер (33 эркек, 3 аял) көрсөтүлдү анын ичинен 12 талапкер катталды, 1 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты;
- № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 36 талапкер (25 эркек, 11 аял) көрсөтүлдү анын ичинен 14 талапкер катталды, 1 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.
БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн төмөнкү документтердин толук топтому БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын 30-январында саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш экендигин эске салат:
- бекитилген формага ылайык өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтарды;
- паспортунун көчүрмөсүн;
- жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
- иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
- бекитилген формага ылайык башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө маалыматтарды;
- жеке маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун;
- шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү