КР БШК КР ЖК депутаты О.К. Нарматованын билими тууралуу документтер жөнүндө КР БжИМдин жана КР УКМКнын маалыматтарын укту
21 января 2022
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2017-жылы берилген «Журналистика» адистиги боюнча жогорку кесиптик билими тууралуу дипломунун тапшырылган көчүрмөсүнүн негизинде КР БШКнын 2021-жылдын 22-октябрындагы № 710 чечими менен О.К. Нарматова «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан КР ЖК депутаттыгына талапкер катары катталган.
КР БШКнын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 844 токтому менен О.К. Нарматова «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан КР ЖК депутаты катары катталган.
2022-жылы 19, 20-январда КР БШКга КР ЖК депутаты О.К. Нарматованын жогорку кесиптик билими тууралуу дипломунун берилишинин мыйзамсыздыгы жөнүндө КР БжИМдин жана КР УКМКнын маалыматтары түштү.
2022-жылы 20-январда КР БШКнын жыйналышында КР БжИМдин жана КР УКМКнын маалыматтары угулду.
КР БжИМдин өкүлү билдиргендей, министрликтин атайын түзүлгөн комиссиясы О.К. Нарматовага дипломдун берилишинин мыйзамдуулугун текшерди.
Текшерүүнүн натыйжасында комиссия диплом билим берүү тармагындагы ченемдик укуктук актыларды көп сандагы бузуулар менен берилгендигин аныктады.
Мындан тышкары, О.К. Нарматова Жалал-Абад мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнө тапшырган учурда орто кесиптик билиминин профилинин жогорку кесиптик билиминин профилине ылайыктыгы боюнча талабы сакталбагандыгы комиссия тарабынан аныкталды.
О.К. Нарматованын өкүлү М.Ш. Полотов О.К. Нарматова Москва бизнес колледжинде «Бухгалтердик эсеп» адистиги боюнча атайын кесиптик билим алгандыгы тууралуу маалымат берди.
УКМКнын өкүлү О.К. Нарматова суракта дагы бул маалыматты билдиргендигин ырастады.
БжИМдин өкүлү 2011-жылдын 27-майындагы № 256 токтом менен бекитилген “КР ЖОЖдоруна кабыл алуу тартиби жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык «Бухгалтердик эсеп» адистиги боюнча орто кесиптик билимдин базасында «Журналистика» адистиги боюнча жогорку кесиптик билим алуу үчүн О.К. Нарматова ЖАМУга кабыл алынмак эместиги тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле 2013-жылы 31-майда Минскиде кол коюлган, КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 634 токтом менен бекитилген Евразия экономикалык уюмунда билим берүү, илимий даражалар жана илимий наамдар жөнүндө документтерди өз ара таануу жана алардын эквиваленттүүлүгү тууралуу Макулдашууга ылайык орто кесиптик билим тууралуу дипломдор адистик боюнча билимди уланткан учурда Макулдашуу тараптары тарабынан таанылышы мүмкүн.
Ошентип, КР БжИМдин маалыматы боюнча Москва бизнес колледжинин «Бухгалтердик эсеп» адистиги боюнча орто кесиптик билим тууралуу диплому жогорку кесиптик билимдин профилине ылайык келген эмес, бул өз кезегинде 2011-жылдын 27-майындагы № 256 токтом менен бекитилген “КР ЖОЖдоруна кабыл алуу тартиби жөнүндө” жобонун талаптарын бузгандык болуп саналат.
УКМКнын маалыматы боюнча О.К. Нарматова сессияны тапшыруу мезгилинде КРдин чегинен тышкары жүргөн, бул окуган адамдын сынактарда милдеттүү түрдө өзү катышуусу жөнүндө мыйзам талаптарын бузгандык болуп саналат.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары –конституциялык Мыйзам ) 59-беренесине ылайык шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
КР БжИМдин маалыматына ылайык 19.01.2022-ж. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору 2017-жылы 5-июлда О.К. Нарматовага берилген жогорку билим тууралуу диплом жараксыз деп таануу жөнүндө буйрук чыгарылган.
Маалыматтарды угуп, түшкөн материалдарды талкуулап, КР БШК конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 1-бөлүгүн, 59, 61-беренелерин жетекчиликке алып, О.К. Нарматованы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоону, ошондой эле КР БШКнын тиешелүү токтомдорунун О.К. Нарматованы КР ЖКнын катталган депутаты деп таануу жана депутат катары каттоо бөлүктөрүн жокко чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
