БШК Ардак грамотасы менен сыйлоо үчүн тизмени бекитти

27 декабря 2021

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, эл аралык уюмдардын жана өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон салымы, шайлоо системасын өнүктүрүүгө жана шайлоо процесстеринин субъекттеринин укуктук маданиятын жогорулатууга кошкон зор салымы, ак ниет жана натыйжалуу эмгеги, ошондой эле өз кызматтык милдеттерин жогорку сапатта аткарганы үчүн БШКнын Ардак грамотасы менен сыйлоо жана ыраазычылык жарыялоо тууралуу чечим кабыл алды.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 4 жана 8-беренелерине ылайык кабыл алынган.

 Сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси менен бул жерден таанышса болот.