БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө биринчи арыз түштү

28 декабря 2021

 

2021-жылы 28-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековнадан 2022-жылдын 27-февралында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда б.а. 2022-жылдын 27нварында саат 18:00дө аяктайт.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө КР БШКга арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын 30нварында саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш. 

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары  менен ушул шилтемеден таанышса болот.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү