БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календарлык планын бекитти
27 декабря 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 27-декабрында өткөн жыйналышында 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календарлык планын бекитти.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнундө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин негизинде, «№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» БШКнын токтому менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү даярдоону уюшуруу максатында кабыл алынды.
№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо боюнча календарлык пландын негизги этаптары:
Шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү – 05.01.2022-ж. чейин;
Шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 07.02.2022-ж. чейин;
Шайлоочулардын тизмесиндеги ката же так эместик, жок болгондугу жөнүндө (шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө) шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу – 11.01. 2022-ж. тартып 16.02. 2022-ж. чейин;
Шайлоочулардын биротоло тизмесин илүү – 22.02.2022-ж. чейин;
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү – 27.01.2022-ж. чейин;
КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди каттоо – 07.02.2022-ж. чейин;
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү – 07.02.2022-ж. тартып 26.02.2022-ж. саат 8:00гө чейин;
Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү – 26.02.2022-ж. саат 8:00дөн 20:00гө чейин;
Добуш берүү күнү – 27.02.2022-ж. саат 8:00дөн 20:00гө чейин;
Шайлоо натыйжаларын аныктоо – 12.03.2022-ж. чейин.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү