Өзбекстан БШК төрагасы КР БШКнын Call-борборунун ишине баа берди
28 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамходжаев баш болгон ведомствонун өкүлдөрү менен жолугушту.
Зайниддин Низамходжаев алар барган шайлоо участокторунда шайлоочулардын жигердүүлүгү көрүнүп турганын белгиледи.
“Сиз менен жолукканга чейин биз силердин Call-борбордо болдук, ал жерде кандай бузуулар, даттануу, кайрылуулар бар экендиги тууралуу кеңири маалымат беришти. Даттануулар добуш берүүнүн натыйжаларына принциптүү таасир этпей турган анча олуттуу эмес маселелер боюнча экен. Биз ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар иштеп отурган Call-борбордун ишине жогору баа бердик”, - деп айтты ал.
“Кыргызстанда шайлоо тынч өтүүдө, добуш берүүгө канча шайлоочу келсе дагы шайлоо өттү деп эсептелет. Президент, премьер-министр жарандарды добуш берүүгө келип, эркин добуш берүүгө чакырышты. Бул үчүн бардык шарттар бар.
Бир катар партиялардын өкүлдөрү, белгилүү саясатчылар жол-жоболор мыйзам чегинде уюштурулганын айтышты. Өткөн жылы нааразычылыктар болгон, бирок азыр ар түрдүү күчтөр кырдаалды өзгөртүү үчүн чоң иштер аткарылганын моюндарына алышууда”, - деди Нуржан Шайлдабекова.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү









