Бардык шайлоо участкалары штаттык режимде иштеп жатат

28 ноября 2021

Бүгүнкү күндө бардык шайлоо участкалары тиешелүү жабдуулар менен жабдылып, алар штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоонун маалыматтык системасынын жана АЭУнун программалык камсыздоосун өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Марс Наспеков билдирди.

БШКнын балансында 5 716 даана автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) бар, алар учурда ар бир шайлоо участогуна экиден бөлүштүрүлүп, резервдик АЭУлар АШКларга жөнөтүлгөн.

Ошондой эле, бардык шайлоо участкалары резервдерди эске алуу менен шайлоочулардын биометрикалык идентификациялоонун 6700 комплектилери менен жабдылган.

Шайлоого даярдык көрүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урналарды иштетүү жана шайлоочуларды идентификациялоо боюнча 90 тренерди окутту. Алар өз кезегинде шайлоо күнү иштей турган 4870 автоматтык эсептөөчү урналардын операторун жана 7160 шайлоочуларды идентификациялоочу операторлорду окутушту.

«Электр өчүп калган учурда УШКда генераторлор бар. Тиешелүү окуудан өткөн адистер бар” дейт, - Марс Наспеков.

БШК маалыматтарды коргоо жана коопсуздук системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрөт. Туруктуу негизде БШКнын маалыматтык активдеринин киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

КР БШК Маалымат бөлүмү