КР ЖКга шайлоону даярдоо алкагында БШК 50 миңден ашык шайлоо процессинин катышуучуларын окутту
28 ноября 2021
Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев шайлоо процессинин катышуучуларын окутуу максатында уюштурулуп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
50 миңден ашык шайлоо процессинин ар түрдүү катышуучулары окутулду. Алар:
· шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу үчүн 120 машыктыруучу (тренер);
· округдук шайлоо комиссияларынын 490 мүчөсү;
· участоктук шайлоо комиссияларынын 30 527 мүчөсү;
· документтерди берүүдө биометрикалык идентификация боюнча 4 966 оператор;
· техникалык колдоо көрсөтүү тобунун 600 адиси;
· боюнча 90 машыктыруучу үчүн машыктыруучуларды окутуучу машыктыруучулар (МОМ);
· АЭУ боюнча 4 966 оператор;
· добуш берүү күнү иштөөчү биометрикалык идентификация боюнча 6 938 оператор;
· шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузуулар боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ал бузууларга карата чара көрүү боюнча укук коргоо органдарынын 600дөн ашык кызматкери – 10 тренинг;
· УКМКнын 76 кызматкери.
Каржылоо эрежелери, парламент депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен шайлоо комиссияларына бөлүнгөн акча каражаттары боюнча эсепке алуу жана отчёттуулук, ошондой эле талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн (фонддорун) каржылоо эрежелери, каттоо жана үгүт өнөктүгүн жүргүзүү маселелери боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, бухгалтерлер, ОШК жана УШК мүчөлөрү үчүн 70тен ашык окутуу иш-чаралары уюштурулду.
Ошондой эле КРдин консулдук жана дипломатиялык мекемелеринин өкүлдөрү, судьялар, КР Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдарынын кызматкерлери менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн кызматкерлери окутулду.
Аялдардын жана жаштардын шайлоо процессине катышуусун жигердештирүү, ЖМКларга маалымдоо үчүн иш-чаралар, жарандык коом менен коомдук диалогдор уюштурулду.
Эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү, USAID, БУУӨП, ЕККУ ж.б. окутуу уюштурууга колдоо көрсөтүштү.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
