Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоого 21 саясий партиядан 1006 талапкер катышууда
28 ноября 2021
Бүгүн, 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого 21 саясий партиядан 1 006 талапкер катышууда:
- “Бутун Кыргызстан”,
- «Ата-Мекен»,
- «Ишеним»,
- «Ынтымак»,
- «Улуттар Биримдиги»,
- «Ата-Журт Кыргызстан»,
- «Ыйман Нуру»,
- «Альянс»,
- "Эл Умуту",
- «Азаттык»,
- «Улуу-Журт»,
- «Мекенчил Эл»,
- « Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»,
- «Социал-демократтар»,
- « Аруузат – Эл Куту»,
- «Ордо»,
- « Багыт» Кыргызстандын либералдык-демократиялык партиясы»,
- « Кыргызстандын жашылдар партиясы»,
- «Легалайз»,
- «Күчтүү регион»,
- «Жашасын Кыргызстан».
2021-жылдын 13-октябрына карата 75 саясий партия боло турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Алардын ичинен:
- каттоодон баш тартылды - 3 с/партияны («Эркин Кыргызстан», «Эне Жүрөгү-Мекен», «Ак Асаба»);
- шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирди - 26 с/партия;
- шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирген эмес - 25 с/партия;
- катталган - 21 с/партия;
- каттоодон баш тартылды – ар кандай с/партиялардан 9 талапкерди;
- шайлоого катышуудан ыктыярдуу түрдө баш тарткан – 31 талапкер.
21 саясий партиянын тизмесинде – 1 006 талапкер, анын ичинен:
- Эркектер – 643 (63,9%);
- Аялдар – 363 (36%);
Майыптыгы бар талапкерлер – 46 адам (4,5%); ар кандай улуттагы талапкерлер – 186 адам (18,4 %); 35 жашка чейинки талапкерлер – 258 адам (25,6%).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
